www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев маймыл жылында туулган, Акматбек Келдибеков 60 жылда бир келген «огненный конь". Маймыл менен жылкынын кайнаса каны кошулбайт,  маймылдар шылдың болгондон башка эч нерсеге жарабай калат. 2011-жылы Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев болгон. Аны фракция лидерлери Текебаев, Кулов, Ташиев өкмөт башынан кетире турган болгондо, так ушул Келдибеков туура сөздү айтып коргоп калган. Ошондо Атамбаев: «Кыргыздарда үчкө бөлүнөт. Оңдон Акмат мырза спикер, солдон Отунбаева президент, ичкиликтен менен премьер»-деп сүйүнгөнүнөн жашып жиберген. Көрсө, арамдыкты ичине сактап жүргөн экен. Президент болуп шайланар менен Келдибековго асылып кызматынан кетирди, каматты.

Келдибеков спикерден кетип депутат катары «Газпромго» «Кыргызгаздын» 1 долларга сатылганы боюнча маселе көтөргөн. 2013-жылы  ноябрды аяктап Келдибеков камалган,аны коргоп ал кездеги Оштун мэри Мелис Мырзакматов  50 миң эл менен митингге чыккан. Ошонун аркасы менен 2014-жылдын 15-январында мэрдик шайлоодо кутумдук менен кетирилген. Атамбаевдин көрсөтмөсү менен экс- Башкы прокурор Салянова тарабынан 2013-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку спикер Акматбек Келдибековго карата КР КК 303-беренеси боюнча айып коюлган. Анын айтуусунда Акматбек Келдибеков КР Социалдык фондунун төрагасы болуп турганда мамлекетке 24,3 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген имиш. Мындан тышкары, Келдибековго башка кылмыш иши боюнча ("Бизнес-Партнер" ЖЧКсы боюнча) КР КК 304-беренеси боюнча айып коюлган, тактап айтканда кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча да Атамбаевдик  бийлик айып таккан. Мында ыктыярдуу патент негизинде салыктарды жыйноодо салык органдарынын иш-милдеттери "Бизнес-Партнер" ЖЧКга мыйзамсыз өткөрүлүп берилген, натыйжада мамлекеттин бюджетине салык түрүндө 2,3 млн сом түшкөн эмес деген жалган маалыматтар бар. Албетте, бул саясий айып экени сезилип турат.  Бул коюлган дооматтар шоона эшпей тактай албай калышты.

Бийлик “сал, сал, сал билек”-деп эркелетип “салбилек” кылып жүрчү билектүү кызыбыз прокуратураны чарк айлантып турар эле. Ооба, Аида Салянова депутаттардын, айрыкча артында калбыры бар депутатардын жүрөгүнүн үшүн алып бүтүргөн. Кылмышкерлерге кылмыш козголсо мейли, бирок “саясий кине” коюп, Акматбек Келдибековго окшогондорго кылмыш ишин козгогон. Салянованын кылмыш ишин козгоо боюнча чыгарган токтомунун өзү туура эмес экендигин эксперттер ошондо эле айткан. Соцфонддун төрагасы болуп турганда "Ротак-Бишкек" деген фирмага жалпысынан 24 млн 300 миң сом мыйзамсыз которгон деген айыптоо болгон. 2005-жылы 5-январда биринчи акча – 13 млн сом которулуптур. Экинчиси, 2005-жылы 6-сентябрдан 9-декабрга чейин 11 млн 300 миң сом которулуп жатат.А бирок Келдибековдон Соцфонддон январь айында президенттин Указы менен бошоп, Алайдан Акаевге каршы депутаттыкка талапкердигин койгон. Карызга батып жаткан, Соцфондду бутунан тургузуп кеткен, пенсионерлерге  өтүк, гезит берчүАкмат мырза акча бере баштаган. Андан соң кийинки  Каржы министри Ольга Лаврова Соцфондго төрайым болгон. Кызыгы, Лаврова которгон акча үчүн Келдибековду жоопко тартып жатканы туура эмес.

Дагы бир доомат, парламентте атайын өкүлчүлүк түзүп, которулган акча жөнүндө. Бул дооматта Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп туруп, баардыгы 9 млн 967 миң 77 сом мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген аыйп тагылууда. Салянова “салбилек” кылып, иш козгоп жатканда карашы керек болчу. 2011-жылы 8 млн, 2012-жылы 1 млн 784 миң сом зыян келтирилиптир. Акматбек Келдибеков спикерликтен 2011-жылы декабрь айында кеткен. 2012-жылы толугу менен башка спикер олтурган. Кийинки спикер убагында которулган 1 млн 784 миң сомду да Келдибековдун үстүнө үйүп коюп атышат. Атайын өкүлчүлүккө акчаны Жогорку Кеңеш бөлбөйт. Акчаны Өкмөт бөлөт, таап берет, ал кезде өкмөт Атамбаев болгон.

Бизде кээ бир мамлекеттик документтер көз бойомочулукка салынып, ашыра жамандалып жатат.Эл аралык парламенттик уюмдардагы укуктуу өкүлдөрүнүн ишин координациялоо маселелери боюнча ЖКнын 2010-жылдын 29-декабрындагы № 93-V токтому бектилген,бул өзгөчө Жобо менен жөнгө салынат. Мында республикалык бюджет ЖК мыйзам түрүндө үч окууда добуш берүү жолу менен кабыл алышып, ага президент кол койот.

2011-жылдын 3-мартында ЖК мыйзам кабыл алып,ушул жылдын 30-мартында президент кол койгон, 5-апрелден күчүнө кирген. Бул мыйзамдын 2-1 тиркемесинде ЖК бөлүгүндө атайын өкүлдүн катчылыгын каржылоо 13 млн. 099,7 миң сомду түзгөн. Анын ичинде эмгек акысы 4 млн 914,1 миң сом болгон. Атайын өкүлдүн кызматынын киргизилишине карата КРнын бир топ мыйзамдарына кайрылуулар болгон. Орусиянын тиешелүү адамдарына Кат жөнөтүлүп, бирок шайлоо процесстерине байланыштуу алар убактылуу токтотулган. Бул мыйзам боюнча спикер ЖКга ар жыл сайын отчет берүүгө милдеттүү болгон. 2012-жылы 1-январда атайын өкүлдүн иши токтотулган, атайын өкүл өз иши тууралуу жыйынтык отчет берген. Эсептөө палатасы бул ишти карап чыгып,каржылык укук бузууларды тапкан эмес. Кызыгы ушул окуя  Акматбек Келдибековдун иши боюнча башкы далилдердин бири. Эгер Эсептөө палатасы иштеп кемчилик таба албай, далилдей албаса, башка кайсы каржылоо булагы мүчүлүштүк таба алат...

Эмнеси болсо да жамандыктын бары артта калды. Бирок эч далил жок эле Атамбаевге жагынган кээ бирөөлөрдүн Акматбек Келдибековго жалган «клеймолорду» коюп жатканы өкүнүчтүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

Последние новости