www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөбаев төрдөн орун алат!

Акыркы күндөрү ЖМК өкүлдөрү дагы, коомчулук дагы, жалаң гана негативдерди кеп кылууну адатка айлантып алды. Бул тууралуу "Чындык.kg" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Саясатчы болобу, башкасы болобу жакшы жагын жашырып, жаман жагын ашырып айтуу "модага" айланды. Заманбап тил менен айтканда "хайп" издеп калдык. Андан көрө коомчулукка позитив тартуулаган жакшы нерселерди жайылтып, саясатчылардын алгылыктуу иштерин тизмектеп жазып турсак коомдо жакшы маанай пайда болот беле? Айтайын дегенибиз, акыркы күндөрү "Өнүгүү-Прогерсс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевди ыңгайы келсе дагы, келбесе дагы сынга алуу күчөдү. Ким билсин аракети күч, келечектен көптү үмүттөндүргөн Төрөбаевдин төргө чыгып кетүүсүнөн чочулаган бузукулар атайы жүгүрүктөрүн айдактап "жумурткадан кыр издеп" суу кечпеген ушактарды жаздырып жаткандыр. Албетте, шайлоонун шарапаты менен бир топ партиялар жарышка чыгып, калың элге ар-кандай убадаларды берген бойдон "коендун" сүрөтүн тартып кете берет эмеспи.

Анын айынан эл дагы бүгүнкү партияларга, депутаттарга ишеним артпай калганы ачуу чындык. Алардан айрымаланган Бакыт Төрөбаев шайлоого чейин эле бир топ программаларын аткарып, элдин колдоосуна арзый алган. Ага эл күбө. Ал эми Төрөбаев кандай программаларын аткарганы боюнча кийинкиде сөз кылабыз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости