www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы улуттук аскер лицейинин 50 курсанты 5-сентябрь күнү качып кетти деген маалымат тараган. Көп өтпөй бул боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жооп айтып, курсанттар эч кайда качкан эместигин билдирген.

Бирок, баары бир курсанттардын качып, кайра кайрылып келишкени билинди.

Бул боюнча Акыйкатчынын басма сөз кызматы да маалымат таркатып, лицейге окуянын себебин аныктоо үчүн барып келишкенин билдирди. Акыйкатчынын кызматкерлери лицейге барып, окуу жайдын жетекчилиги, сабактан качкан курсанттар жана алардын ата-энелери менен жолугуп, сүйлөшүп кайткан. Жыйынтыгында 16-17 жаштардагы 56 тарбиялануучунун баары 11-класста окушары аныкталган. Алар физикалык даярдык боюнча белгиленген нормативдерди аткарууну каалашпаганы билинген. Көрсө, алар өздөрүн “дед” сезип, жеңилдетилген милдеттер колдонулушу керектигин айтышкан экен. Командирлердин буга макул болбой коюусу аларды мына ушундай жолго барууга түрткөн.

Учурда лицейдин тарбиялануучулары кайра кайтып келип, кадимки күн тартиби боюнча окушууда. Алардын 52си күнөөлөрүн мойнуна алып, кечирим сурашса, төртөө окууну улантууну каалабагандыктарын, кадимки мектепте кайтып барууну чечишкенин билдиришкен.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости