www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай өлкөсүнө болгон иш сапарында, Ангела Меркелдин ден – соолугу жайында болгон жок. Ал өлкөнүн гимни ойноп жаткан учурда отургучта олтуруусун уланткан. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар тараткан маалыматтарга таянсак, 30 градус күндүн ысыгында иш-чараны өткөрүү оңой болгон эмес. Ошентсе дагы Меркель оорусун сыртка байкатпоого аракет кылгандыгын жазышат. Жолугушуу учурунда дагы ал көңүлдүү жана сөзмөр болгон.
Эске сала кетсек, Меркельдин ден-соолугу начарлаганын, анын алгач ирет Украина президенти Владимир Зеленский менен болгон жолугушууда байкалган. Анда канцлер титиреп турганын журналисттер жазып чыгышкан болучу. Кийинчерээк дагы ушундай эле публикалык жолугушуулардын биринде эс учунан танганы бар.
Берлин “Сары прессалары” канцлер “дене кургоо” (обезвоживание) оорусуна чалдыкканын жазышканы бар. Аган ылайык, жакында Меркельдин чоң саясаттан таптакыр кетери тууралуу эксперттер кеп кыла башташты.
Булак: "NazarNews.kg"