www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка президенти Дональд Трамп  Иран тарабынан  АКШга кол салына турган болсо,  Ирандын 52 объектисине өтө тездик менен катуу сокку урарын айтып коркутту.

Трамптын айтымында АКШнын трилларддаган долларга жасалган заманбап үлгүдөгү курал-жарактары оңойго турбайт.  
Бул тууралуу АКШ президенти Twitter баракчасына жарыялады.  

"Эскертүү болсун. Эгер Иран америкалыктарга же Америка мүлкүнө сокку ура турган болсо, биз Иран жана Иран маданияты үчүн маанилүү болгон 52 объектисин бутага алабыз (көп жыл мурун Иран тарабынан барымтага алынган 52 америкалык жарандар). Мунун баары Иран сыяктуу эле өтө тездик менен жасалган оор соккуга кабылат. АКШ кандайдыр бир коркутууларды каалабайт"- деп жазган. 

Ал эми азыркы учурда, Ирак бийлиги өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чечим кабыл алган. 

Эске сала кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын аскердик стратеги, тышкы саясатынын идеологу болгон Касем Сулейманини “дүйнөдөгү №1 террорист” деп атаган. Касем Сулейманини Трамп Американын дипломаттарына жана аскерлерине кол салууга даярданып жаткандыгын айтып, аны өлтүрткөнүн моюнуна алган.

“АКШ аскерлеринин кынтыксыз соккусунан улам дүйнөдөгү №1 террористти-Касем Сулейманини жок кылды”,-деп ал теледен  билдирген.

Трамптын айтымында Сулеймани “Америка аскерлерине жана дипломаттарына кол салууну мерчемдеген”. Пентагон бейшембиде АКШ Иракта Иран генералын жок кылуу үчүн операция өткөргөндүгүн ырастаган. Курман болгондордун арасында Сулейманиден сырткары ондогон аскерлер жана Ирак шииттери, куралдуу күчтөрдүн командиринин орун басары Абу Махди аль-Мухандис да бар болгон. Абу Махди аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пампео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигине кол салууда айыптаган.

Ирандын жогорку лидери Али Хаменен Сулейманин өлүмү үчүн өч алууга убада берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости