www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттары Крым аннексиясы жана Украинанын чыгышындагы кырдаалга кийлигишкени үчүн Кремлге каршы санкцияларын дагы күчөттү, - деп жазып чыкты "Азаттык".
Бул жолу “кара тизмеге” 21 киши жана тогуз компания киргизилген. Алардын арасында Орусиянын энергетика министринин орун басары Андрей Черезов, аталган министрликтин департаментинин директору Евгений Грабчак жана "Технопромэкспорт" компаниясынын башчысы Сергей Топор-Гилка бар. Мындан сырткары санцияга “Сургутнефтегаз” жана “Силовые машины” компаниялары илинген.
Орусиянын аскерлери 2014-жылы Крымга басып кирип, алардын басымы алдында жарым аралда референдум өткөн. Дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсү Крымды Орусия аймагына кошуу боюнча референдумду тааныган эмес.
Булак: NazarNews.kg