www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Атланта шаарында полиция кызматкери 27 жаштагы афроамерикалык Рэйшард Бруксту атып, ал ооруканада жан берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматтарга караганда, полицияга автоунаа туура эмес жерде токтоп тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тез татым жайынын алдындагы орунду ээлеп алган автокөлүктүн ичинде Рэйшард Брукс аттуу жаран уктап жаткан. Полиция анын мас экенин көрүп, кармап кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда ал укук коргоочулардын биринин электрошокерин жула качкан. Полиция Бруксту көздөй ок чыгарып, ал ооруканада көз жумган. Ал эми Атлантанын полиция жетекчиси Эрика Шилдс отставкага кеткен.
Массалык башаламандыктын катышуучулары эми автоунааларды өрттөгөнгө чейин барууда. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш чыгарган газды колдонду.
Эске сала кетсек, 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган.
Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШда эле эмес, башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты.
Булак: NazarNews.kg