www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Флорида штатындагы түрмөдө 37 жыл отурган киши акталып чыкты. Бул тууралуу The Guardian жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, Роберт Дюбуаз 1983-жылы 19 жаштагы кызды сабап, зордуктап, өлтүрүп салган деп айыпталып, өлүм жазасына кесилген. Бирок кийинчерээк жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган.
Ал эми 2020-жылдын 27-августунда соттун чечими анализдин туура эмес жыйынтыктарына жана ишенимсиз күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып чыгарылганы аныкталган.
Ишти кайра кароо учурунда Дюбуаздын ДНКсынын үлгүсү алынып, натыйжада анын кылмышка эч кандай тиешеси жоктугу аныкталган. Мындан улам америкалык жаран акталып, абактан чыгарылды.
Дюбуаздын иши коммерциялык эмес юридикалык уюмдун жардамы менен кайра каралган.
Эркиндикке чыккан Дюбуаз соттун туура эмес чечиминен жабыркагандарга түзүлгөн атайын борборго убактылуу жайгаштырылды. Ал жактан жаңы жашоого көнүү үчүн жардам көрсөтүлөт.
Жабырлануучунун мамлекеттен моралдык чыгым талап кылар-кылбасы азырынча белгисиз.
Булак: NazarNews.kg