www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын эл өкүлдөрү палатасынын төрайымы Нэнси Пелоси келерки жумада Дональд Трамптын АКШга чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүн чектеген Жарлыгын жокко чыгара турган мыйзам долбооруна добуш берилерин айтты. Бул тууралуу Washington Post жазды.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп кыргызстандын жарандарын АКШга кирүүгө чектөө коюуну пландап жатканыны боюнча маалымат тараган. Акыркы чечим 27-январда кабыл алынары айтылган.
"Өкүлдөр палатасынын демократтары президенттин катаал чечимине каршы чыгуусун улантып жатат. Жакынкы күндөрү Конгресстеги Соттор палатасынын комитети мыйзам долбоорду карап чыгат. Ошондой эле президент фанатизмге алдырып чечим чыгарбашы үчүн анын ыйгарым укуктарын чектөө маселеси дагы талкууланышы мүмкүн", — деди Пелоси.
Ал эми Соттор палатасынын комитетинин төрагасы Жерри Надлер коллегия мыйзам долбоорун жакынкы эки жума аралыгында карай турганын билдирди.
Мыйзам долбоор демократтар тарабынан колдоо тапканы менен, республикачылар басымдуулук кылган Сенатта өтпөй калышы мүмкүн.
Булак:NazarNews.kg