www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө 9 миңден ашык адам абакта олтурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик Өкүм аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Термичеков билдирди.
Анын берген маалыматына таянсак, өлкөдөгү абактарда 9600 жаран жазасын өтөп жатат. Алардын 340дан ашыгы аялдар.
"Түзөтүү мекемелеринде 5300 адам, тергөө изоляторунда 1700 жаран, ал эми жатак абакта 2500 адам жазасын өтөп жатат. Булардын ичинен 340 адам өмүр бою эркинен ажыратылган. Экстремизм боюнча 400дөн ашык адам жазасын өтөп жатса, алардын ичинде 6 аял бар. 2019-жылы 3 миңден ашык жарандын жаза мөөнөтү кыскартылса, 3604 адамдын жаза мөөнөтү өзгөрүүсүз калган. Ал эми 1000ден ашык адамдын жазасы өзгөргөн эмес", - деп билдирет Термичеков.
Булак: NazarNews.kg