www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Сенаты Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы согуш кылмыштары боюнча тергөө жүргүзүлүшүн көздөгөн мыйзам долбоорун бекитти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, мыйзам - Орусиянын Украинадагы согуштук кылмыштарын иликтөөнү көздөөдө.
Мыйзам долбоору Линдси Грэмдин жетекчилигинде 20дан ашуун сенатордун колдоосу менен Сенаттын Башкы ассамблеясына жөнөтүлгөн. Анда Орусиянын президенти Путин "согуш кылмышкери" деп аталган.
Башкы ассамблеяда оозеки добуш берүү менен кабыл алынган мыйзам долбоорунда Путиндин буйругу менен Орусия Украинага каршы аскердик кол салуу жасап, орус армиясы согуш кылмыштарын кылгандыгы жана аны эл аралык мекемелердин иликтеши керек экендиги айтылган. Аталган мыйзам долбоорун республикачыл дагы, демократ сенаторлор да толук колдогон.
Булак: NazarNews.kg