www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан аймакта экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынымсыз иш аракеттер көрүлүп келүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жакында, аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер кыртышын бузуу учуру аныкталган. Көрсө, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургундары, 40 жаштагы А.К. жана 32 жаштагы З.К., Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынынын түндүк тарабында көлгө чөгүп кеткен баржаны чыгарууга аракет көрүшүп, экскаватор менен жээктин жер кыртышын бузуп, казып салышкан.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, жер бузуу фактысы орун алганын, же албаганын аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органына жиберилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.
Булак: NazarNews.kg