www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испаниялык Pais гезити жазгандай, АКШнын жардамын убактылуу токтотушунун натыйжасында Украинанын маданият жана маалымат каражаттары тармагындагы жүздөн ашуун уюм ресурстардан куру калды.
Буга чейин Маалымат каражаттары институтунун директору Оксана Романюк америкалык жардамдын үч айга токтотулушу украиналык медиарынокко олуттуу таасир эткенин билдирген. Анын айтымында, Украинадагы маалымат каражаттарынын 90 пайызы гранттык каржылоого көз каранды болгон.
"АКШнын жардамын токтотуу өзгөчө маданий өндүрүш жана маалымат каражаттарында күчтүү сезилүүдө. Бул тармактардагы жүздөн ашуун уюм ресурстардан ажырады", — деп жазат Pais.
Гезиттин маалыматы боюнча, Украинадагы көптөгөн көз карандысыз маалымат каражаттары АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу каржыланып келген. Өзгөчө журналисттик иликтөөлөр менен алектенген Slidstvo.info жана Bihus.info сыяктуу маалымат каражаттарына жардамдын токтотулушу оор сокку болгон. Алардын каржылоосунун 80%дан ашыгы АКШдан келген.
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү Мамкатчы Марко Рубиону USAIDдин убактылуу башчысы кылып дайындаган. Ал Конгресске эл аралык жардамды кайра карап чыгуу жөнүндө билдирген.
2-февралда америкалык ишкер Илон Маск USAIDди "кылмышкер уюм" деп атап, анын "жок болуу убагы келгенин" билдирген. Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө агенттикти "Америкага каршы солчул марксисттердин уюгу" деп атаган.
28-январда батыш маалымат каражаттары Трамптын администрациясы башка өлкөлөргө жардам берүү программаларын токтоткон соң, USAIDдин 60тан ашуун жогорку даражалуу кызматкерин эс алууга жибергенин кабарлашкан.