www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыя шаарынын тургунун “Муктаждыгыңды чечип беребиз” деп алдап 80 миң сомун алып кеткен эки жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын тургунун үйүндө убактылуу жашап турган Ош облусунун 38 жаштагы Х.Э. аттуу тургуну жана 24 жаштагы Д.Б. аттуу Жалал-Абад шаарынынтургуну 2024-жылдын август айларында “муктаждыгыңды чечип беребиз” деп үй кожейкесинен накталай акча алып жана дагы арадан 10 күндөн кийин электрондук капчыгына акча котортуп изин жашырып кетишкен. Үй кожейкени жалпысынан сексен миң сомго зыянга учураган.

Бул факты 2024-жылдын август айында Кызыл-Кыя ШИИБ тарабынан Алдамчылык беренеси менен катталып, издөө иштери башталган. Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалды.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Последние новости