www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын коргоо министри кызматтан кетмей болду. Ал өз чечимин түшүндүргөн катты 20-декабрда президент Дональд Трампка жиберди. Анда Мэттис кызматтан кетүү тууралуу өз чечимине президент менен көз караштары туура келбей калганын жүйө келтирген.

Ал ошондой эле АКШнын өз өнөктөштөрү менен жигердүү иш алып барышын, ошондой эле Орусия жана Кытай сыяктуу мамлекеттерге каршы турууну жактай турганын белгилеген.

"Сиз бул жана башка маселелер боюнча өзүңүздүн көз карашыңызга туурараак келген министр менен иштешүүгө толук укугуңуз бар экенин эске алуу менен кызматтан кеткеним туура болот деп эсептейм",-деп билдирген Мэттис.

Президент Трапм министрдин кызматттан баш тартканын "Твиттер" аркылуу ырастап, Пентагондун 2 жыл ичиндеги жетишкендиктери үчүн ага ыраазычылыгын билдирди. Мэттис кийинки жылдын 28-февралында кызматын тапшырып бере турган болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости