www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажого ар кандай суроолор берилди

 Ооба, “кимдин ким экенин анын берген суроосунан улам бил” деп айтылгандай, президент журналисттерге берген пресс конверенсияда ар тармактуу суроолорго сабырдуулук менен жооп берди. Анткени кулакка жат күтүлбөгөн суроолор да берилди.

Эгер Сооронбай Жээнбековдон башка киши ордунда болгондо “ушул суроону жакшылап ойлонуп туруп бердиңби?”-деп айтышы толук мүмкүн эле. “Кой аксагы менен миң”дегендей, кээ бир журналисттер, журналисттик этикага жатпаган суроолорду да берди, бирок ажо алардын көңүлүнө карап бардык суроолорго жооп берип, өзүнүн адамдык бийик сапатын көргөзө алды. Бир жылда эмне иш кылды, эмне ишти жасаганга жетише албай калды аны да ачык айтты. Айтпай койсо эмне кылып алат элек. Деги качан биздин эл адамдын жакшы жагын көрүп, эмгекти баалай алат.Качан болсо демократияны бетке кармап сын айтып эле келе жатабыз, бирок андан эмне таптык.

Ооба, бул жерден биз ажого жагыналы деп эмес, ажого бере турган суроону камдап алып “миң өлчөп, бир кесип” дегендей, эл ынанагандай жакшы суроолорду бериши керек эле деген ойду айталы дедик. Алсак казак, тажик, өзбекстандын президенттерине журналисттери, биздин президентке берген суроолорду берсе, жооп бермек турсун залдан чыгартып салмак болуш керек. Жумурткадан кыр издеп, ажонун тууган-туушкандарына, куда-сөөгүнө чейин киришип отчёт алган бул туура эмес жорук. Баш ал десе бөрк алгандай, суроо берет десе эле тапансынып ойго кебеген суроолорду бере берген бул, кыйындыкка деле жатпайт. Улуу адамдар улуу сөздөрдү айтып, бийик суроолорду берет. “Президент” деген элдин башы, элдин эгеси. Демек элдин эгесине даражасына жараша бийик суроолорду бергендин өзү адамга жогорку даража алып келет. Ажо да ошого жараша берилүү менен жооп берери анык экенин эске алган туура жоосун. Айтылган сөздүн туура жагын кабыл алып, кийинки жолку жолугушууда жакшы суроолорду бергиле деген эле максатта айтылган кеп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости