www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын алдына ушул тапта айрым жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдирип жатышат. Алар калаа башчылыгына шаардык кеңештеги Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындап чыгышты. Колдоруна шаардык кеңештин депутаттарына нааразылык билдирген жазууларды көтөрүп, алардын тарашын талап кылууда.

Элдин пикири менен эсептешүүнү суранган активисттер шаардык кеңештеги бир катар фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү да көтөрүп алышкан. Эгерде бийлик активистердин талаптарын аткарбаса, элдин бийликке болгон ишенимдин, үмүттүн өлгөнүн билдирип партиялардын аты жазылган сөлөкөттөрдү өрттөшөт.

Бүгүн депутаттар калаа башчысын шайлашат. Добуш берүү саат 9:00дө башталары расмий кабарланган.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, коомчулукта шакабага айланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости