www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилди. 

Ушул жылдын январь айында КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну И.к.М. алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. 

Келин жолдошу К.К.Ж. менен үч жыл мурда ажырашып, дароо эле алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылганын айтат. 

Кадамжай райондук соту келиндин арызын канаттандырып, мурдагы жолдошун тапкан кирешесинин 50 пайызын алимент катары төлөөнү милдеттендирген. 

И.к.М.нын айтымында, алимент ай сайын ар бир балага 3 148 сомдон, төрт балага жалпы 12 594 сом эсептелинген. 

Арыз ээсинин айтымында, мурдагы жолдошу 2024-жылга чейин алиментти өз убагында төлөп турган, андан кийин жарым-жартылай которуп, 2025-жылы такыр жөнөтпөй калган. 

Анын Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматына кайрылуусу натыйжа берген эмес. 

Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматына суроо-талап жөнөткөн. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аялдын мурдагы жолдошу Россияда эмгектенип жүрүп, 2024-жылга карата каражат которгону аныкталган. Бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, тактап айтканда аялдын банктык эсеби бөгөттөлүп калгандыктан, акча каражаты ага жетпей калган. 

Натыйжада, К.К.Ж.нын 2025-жылга карата алименттик төлөмү 151 128 сомду түзгөн. 

Институттун кызматкерлеринин көмөгү менен алар келишимге келип, эркекке алиментти толугу менен 15-мартка чейин төлөө милдеттендирилди. 

Февраль айында карызкор мурдагы аялына 111 миң сом которгон. 

Аялдардын жана балдардын укугун коргоо Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири. 

2025-жылы Акыйкатчы Институтуна алимент өндүрүүгө көмөк сурап 56 кайрылуу келип түшкөн.

Последние новости