www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын популярдуу тренд-оюнчук бренди Pop Mart компаниясынын Labubu оюнчуктарынын сатылышы өткөн жылы 100 миллиондон ашканын Lianhe Zaobao кабарлады.
Fengmian News жана Hong Kong Economic Journal басылмаларынын маалыматына караганда, Pop Mart 7-февралда жылдык жыйынын өткөргөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө компаниянын негиздөөчүсү Wang Ning 2025-жылдын жыйынтыктарын жарыялаган.
Анын айтымында, Labubu оюнчуктарынын жылдык сатылышы 100 миллиондон ашып, ал эми Pop Mart компаниясынын бардык категориялары жана IP продукциялары боюнча жалпы сатуу көлөмү 400 миллиондон ашкан.
Маалыматтарга ылайык, 2025-жылы Pop Mart компаниясынын дүйнө жүзү боюнча кызматкерлеринин саны 10 000ден ашып, катталган колдонуучулардын саны 100 миллионго жеткен.
Pop Mart учурда Кытайдын жергиликтүү бренддерин эл аралык рынокко ийгиликтүү алып чыккан үлгүлүү компаниялардын бири болуп эсептелет.
Ван Ниндин айтымында, компаниянын бизнеси 100дөн ашык өлкө жана аймактарды камтыйт, дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашык дүкөнү бар. Мындан тышкары, Pop Mart алты ири өндүрүш жана логистикалык базага ээ болуп, 200 миңден ашык жумуш ордун түзүүгө салым кошууда.
Белгилей кетсек, Labubu — Гонконгдогу POP MART компаниясына таандык, сүрөтчү Kasing Lung тарабынан жаратылган өзгөчө каарман. Анын кызык, бирок сүйкүмдүү келбети, үлпүлдөк чачтары жана кыйкырып жаткандай таасир калтырган жүзү жаштардын дароо көңүлүн бурат.