www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Акылай, журналист болуп иштеген сага жактыбы?

--Учурдан пайдаланып, алгач кыргыз элимди Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, кармаган орозолору кабыл болсун демекчимин! Өзүм да орозо кармап жатам. Былтыркыга караганда быйыл орозо кармагандардын саны көп.

Албетте, сүйгөн кесибим менен иштеп жатканыма бактылуумун. Ар бир кесиптин түйшүгү бар эмеспи. Ошол сыңары, журналисттик кесип дагы оор. Мен билгенден биле элегим, көргөндөн көрө элегим көп. Ушул кесип менен гана чектелип калбастан, бардык тармактан өзүмдү сынап көргүм келет.

--Кайсы журналистти кумир тутасың?

--Эч кимди кумир тутпайм. “Мен ушундай журналист болсом” деп да кыялданбайм. Болгону алардын көп жылдык эмгегин, чыгармачылыгын баалайм. Чет элдик белгилүү журналисттердин да эмгегин баалайм. Бирок, алардан кыргыз журналисттерди жогору коем.

--«Сентябрь» телеканалына кандайча иштеп калгансың?  

-- Бул телеканалга кастинг аркылуу өткөм. Кесибимдин тушоосу ушул жерден кесилди десем болот. Ишимди ылдыйкы тепкичтен баштадым, орчунду эмес, жаштарга жаккан жеңил темада, тагырагы, социалдык баракчалардагы кызыктуу жаңылыктардын алып баруучусумун.

-- Алып барып жаткан “Баракчаларыңдын» авторусуңбу?

--Жетекчилик тараптан сунуш түшүп, алар менен кеңешип, “Баракчалар” деген эфирди алып чыккам. Буга бир жыл болуп калды. Көрүп отурган кишиге оңой көрүнгөнү менен мунун дагы кыйынчылыгы бар. “Баракчалар” берүүсү көп эле көрөрман тапты деп ойлойм. Анткени аябай эле кызыктуу.

--Алгач эфирге чыккан күн эсте калса керек?

--Ооба, эсте калат. Алгачкы эфирге чыкканда оозумду кызыл помада менен боеп, бир көйнөк менен бир жума бою эфирге чыкканым эсимден кетпейт.

--Теле алып баруучусу катары аздыр-көптүр таанымал болуп калдың. «Жылдыз оорусу» менен ооруп калган жоксуңбу?

--“Жылдыз ооруу” деген эмне; аны жейби же ичеби? Тамаша. «Жылдыз» болгудай, мен ойду омкоруп, тооду томкоруп салган жокмун, андай даражага жете элекмин.

--Белгилүү чыгармачыл адамдар менен баарлашасың, алар сага кандай таасир калтырууда?

-- “Ыр белек” куттуктоо программасын эртең менен түз эфирде алып баргандыктан жумасына эки жолу конок чакырабыз. Алар жөн эле коноктор эмес, чыныгы таланттуу өнөр адамдары. Бир сааттын ичинде алар менен баарлашып, чыгармачылыгындагы жаңылыктарын сурап, жандуу үн менен чыгармаларын угуп отуруп кээде өзүмдү түз эфирде экенимди да унутуп калам. Мындан сырткары, анда-санда “Бүгүн” программасына жаңылык даярдап, саясатчылардан интервью да алып калган учурум болот. Негизи эле кыргыздын аттуу-баштуу белгилүү адамдары менен сүйлөшүп калсам, албетте, өзүмө керектүү жаңылыктарды алып калганга  аракет кылам!

--“Сентябрь” телеканалынын ээси Текебаев эмеспи. Аны мурда таанучу белең?

--Өмүрбек Чиркешовичти тааныбаган кыргыз жок болсо керек. Канча жылдан бери Кыргызстанда позициясынан тайбай, чындыкты тайманбай айтып келаткан инсан. Сыйлайм.

--Саясатка кызыгасыңбы?

--Албетте, саясатка кызыгам. “Саясатка сен кызыкпасаң, саясат сенин жашооңо кызыгат” дегендей, мен да алардын катарындамын.

Кызгалдак Жакыпова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости