www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Акылбек мырза, соңку кездерде айрым уруулардын өкүлдөрү жыйын өткөрүп, саясый маселелерди талкуулап жатканына көз карашыңыз кандай?
- Илгери уруулар социалдык маселелерди чечишкен. Бизде эч качан карылар үйү, жетим балдар, жесир аялдар да болгон эмес. Кимдир бирөө согушта каза болсо, туугандарына алып берип, ошол бакчу. Айтор, уруулар жамандык-жакшылык боюнча маселелерде биригишчү. Ал эми бугүнкү болуп жаткан көрүнүштөрдүн баары саясатка аралашкан көрүнүш. Жаныбызда Ооганстан канча жылдан бери тынчыбай жатат. Себеби, алар уруулардын өкүлдөрү менен парламент шайлап алышкан. Чоңураак уруулар майдаларына үстөмдүк кылып, анан майдалар болсо өз ара биригип алып, аларга каршы чыгып, тытышып эле келатышат. Уруучулук деген бул акыры жүрүп кыйроого алып келиши мүмкүн. Бул оору да. Ооруну дарылаш керек. Учурунда премьер-министр, спикер болгон кишилер ошол жакта жүргөнү мени аябай өкүндүрөт. Жок дегенде ошолор биримдикке чакырышпайбы?
- Сиз жогоруда Ооганстан жөнүндө айтпадыңызбы, бирок, биздин
саясатчылардын арасында да «уруу-чулукту мыйзамдаштыралы, парламентке партиялык тизме боюнча эмес, уруусу боюнча шайлайлы» деп сунуштагандар жок эмес...
- Бар, бар андайлар... «Курултайды ушундай кылабыз» деп атышпайбы. Бул эми... ачыгын айтсам капа болушпасын, Батыштын схемасы. «Ар кандай өлкөдө уруу-урууга, жер-жерге бөлүп, анан сырттан башкарышыбыз керек» деген идеология. Коммунисттердин көп эле жакшылыгын көрдүк. Ошонун бири-биз жер-жерге, уруу-урууга бөлүнбөй калганбыз да. Азыр эми кайра жаман жагына
баратабыз. Уруучулуктун жакшы жактарын, мисалы, жетим-жесирлерге жардам берген жагын алып калалы. Жети атаны билүү жагын да карманалы, бирок, жаман жактарынан, аны шайлоолорго пайдалангандан баш тартыш керек. Сарыбагыштын кызы Солтого турмушка чыкса, анан мен барып алып, «сен Сарыбагышсың, мага добуш бер» десем, ал үйдүн ыркы кетет да? Биз келечекке балта чаап атаайбызбы!
- Коммунисттердин тушунда уруучулук болбогон себеби, ага катуу тыюу салынган. Балким, бизде деле тыюу салыш керектир?
- Керек болсо тыюу салуу зарыл. Болбосо бул жакшылыкка алып барбайт. Исламдын бир жакшы жери бар, анда бөлүнбөйт да. «Сен Кудайга ишенесиңби же ишенбейсиңби?» деп гана бөлүнөт. Анын да жакшы жагын пайдаланыш керек. Баарыбыз чогуу жума намазга барсак, анан намаздан кийин уруу-урууга бөлүнсөк кандай болот? Биз кайсы жердин жакшы жагы болсо алып, алдыны көздөй өнүгүшүбүз кажет. Артты карай бербешибиз керек да.
Аттокур ЖУМАЕВ
Булак: АЗИЯnews