www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Арча капчыгайынан түшүп бара жаткан өспүрүм эсин жоготту. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
5 альпинисттен турган топ «Рацек» альпинисттер турагынан түшүп келе жаткан учурда 2008-жылы туулган С.Э. кулап, эсин жоготкон. Топтун мүчөлөрү ӨКМге жардам сурап кайрылышкан.
Окуя болгон жерге 2 куткаруучу жөнөтүлүп, алар альпинисттерге жардам берип, жабыркаган баланы тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык.