www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автобуста кыздын жамбашын кармаган видеодогу жаранды милиция издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бүгүн, 3-февралда Бишкек ШИИБ төмөндөгүдөй маалымат таратып: «Бул факты борбордук милициянын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, видеодогу коомчулукка өөн учураган аракеттерди жасаган адамдын дарегин, өзүн аныктоо боюнча бардык зарыл издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө». Милиция жарандарга кайрылып, издөө иштерине жардам боло алган бардык маалыматтарды жакынкы милиция кызматкерлерине билдирүүнү суранды.

Кечээ, 2-февралда «Бабский блог» аттуу баракча катталуучусунун видеосун жарыялаган. Анда күндүз автобустун ичинде белгисиз жаран жанында турган кыздын жамбашын кармалап жатканын көрүүгө болот. Кыз аялдамдан түшүп кеткенде, белгисиз жаран кыздын артынан түшкөн.

Социалдык тармактарда аталган видео кызуу талкуу жараткан. Көп өтпөй кыз аталган видеону өчүрүп салуусун суранганын баракчага жарыяланган.

Последние новости