www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Кытайда өтүп жаткан кышкы Азия оюндарын жеңиш менен баштады.

Харбин шаарында өтүп жаткан хоккей боюнча турнир 3-февралда 14 команданын катышуусу менен башталды.

Кыргызстандын курама командасы «В» тайпасына кирди, бул тайпада Сингапур, Бахрейн жана Кувейттин командалары бар. 3-февралда 1-турда кыргызстандыктар Кувейттин курама командасы менен беттешти.

Биринчи таймда кыргызстандыктар 3:5 эсеби менен утулушту.

Экинчи 20 мүнөттүктө эсеп 7:5 болду.

Үчүнчү таймда кыргызстандыктар эсепти теңешти, бирок бир мүнөттөн кийин кайра 7:8 эсеби менен артта калышты. Финалдык сиренага 34 секунда калганда кыргызстандыктар гол киргизүүгө жетишти.

Оюн овертаймга өтүп, кыргызстандыктар биринчи болуп гол жаратышты.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 8:7 эсеби менен жеңишке жетип, 2 упай алды.

Эми Кыргызстандын спортчулары 5-февралда 2-турда Бахрейндин курама командасы менен ойнойт.

Последние новости