www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алайда мечит өрттөнүп кетти

Алайдагы мечиттердин биринен өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  Жаңы-Алай айыл аймагына караштуу Таш-Коргон айылындагы жалпы аянты 180 чарчы метрлик мечиттен,  28-январга караган түнү өрт чыгып,  мекеме толугу менен күйүп кеткен.

 Ушул тапта, кырсыкка эмне себеп болгонун адистер  тактап жатышат.

Белгилей кетсек,  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, өлкө боюнча 2 669 мечит каттоодон өткөн. Каттоодон өтө электеринин саны 300гө жакын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости