www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатта сапары карыган Сагынбек

“Атамбаевсиз СДПК” – деп өзүнчө кыймыл түзүп, жогору жактын колдоосу менен СДПК партиясын Атамбаевден тартып алууну көздөгөн Сагынбек Абдрахмановдун абалы учурда чатак болуп турат,-деп жазып чыкты chyndyk.kg маалымат агенттиги.

Анткени, буга чейин жогору жактагы лөктөрдүн колдоосу менен жер-жерлерде партиянын конференцияларын өткөрүп жүргөнүн жар салып келсе, кечээ жакында Ак үйдүн астына чыгып алып, “Асылбек Жээнбеков, Аида Касымалиева ж.б “Биримдик” партиясы менен шайлоого барат экен, алар СДПКдан депутат болушкан” деген сыяктуу нааразычылыгын билдирип, ызасын коомчулукка жарыялады. Шумдугуң кур десе, кечээ эле эле эрдемсинип жүрдү эле го, ичкен кудугуна түкүрүп. Бүгүн кантип талаада калганын өзү деле аңдабай калса керек. Ананчы, жүргөн жерин ириткен иритме эргулдун кимге кереги бар? Калк арасында эмес, үй-бүлөсүндө деле жарытылуу кадыры жок адамды ким командасына кошмок эле.

Анын үстүнө жеңил-желпиге азгырылып, коомчулукту иренжитип, кубулган кубулма катары айгинеленип калганы жалганбы? Дагы уялбай өзүн баатыр катары көрсөтүүгө аракет жасап, башкаларды жамандап жатканы кандай? Алардын тырмагына тең келбээрин кайран киши сезбейт го, сыягы. Ошон үчүн ар-кимдин этегение эрмешип, обу жок кошомат кылбай түз жүрүш керек болчу.

Мынакей, убакыт баарын ордуна коюп, кимдин-ким экени ачыкталып коомго бат эле батпай калды... Так что бирөөгө ор казбаш керек экенин Абдрахманов түшүнүп жаткан чыгаар. Бирок кеч болуп калды го баары…

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости