www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хавьер Мендес-жеңил салмак категориясындагы  UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу. Ал шакирти Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсонду салыштырып sportsdaily.ru.га айтып берген.

Мендестин айтымында эки мушкер тең 5 раундга созулган беттешке даяр.

Хавьер Мендес: “Хабиб бул-кардиомашина. Анда кеп эмнеде? Мен Фергюсонду айтып жатам. Ал 5 раунддук мушташка  чыдайт. Ал эми Хабибдин кардиомашина экендигин айтпадымбы, андыктан Хабиб 5 раундка созулган беттешке кантип чыдабайт?!

Беттеш токтотулбайт деп ойлойм. 5 раунддук мушташты жана жеңүүнү болжолдоп жатам.

Биз бул беттеште жеңиш үчүн эң татыктуу атаандашка чыгууга даярданышыбыз зарыл. Татыктуу атаандаш бул-Тони. Каршылашты талкалоо үчүн аны, анын аракеттерин сыйлаш керек. Эгерде биз сыйлабасак, ал бизди талкалайт. Тони кардиосунун жардамында 5 раундга чыдайт, бирок Хабибдин чарчаганын уктуңар беле? Биз даярбыз.”,-деп маек берген ал.

Эске сала кетсек, Нурмагомедов менен Фергюсон 18-апрелде Нью-Йоркто өтө турган UFC 249 турниринин алкагында кез келет.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости