www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында облус боюнча коронавирусту алдын алуу үчүн атайын штаб түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облус боюнча координатору Абдимитал Шамшиев маалымдады.
Анын айтымында, штаб министрликтин тапшырмасы менен түзүлдү. Ош облусу боюнча илдетке кабылгандар жана шек жараткан бейтаптар жок.
"Калаадагы медициналык жайлардын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында кошумча палаталар даярдалды. Ал жактарда дары-дармек менен бет каптар жетиштүү. Ошто лабораториялык жабдыктардын жардамы менен дартты аныктоого мүмкүнчүлүк бар", — деди ал.
Ошондой эле "Ош" эл аралык аэропорту менен "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пунктунда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө күчөтүлүп, тепловизор коюлган.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган.
Учурда аталган вирус 12 өлкөгө тарады.