www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 18-августунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө К.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 8-августунда К.Э. аттуу жаран анын ишенимине кирип, агасын камактан бошотуп берүү маселесин чечип берүүнү убада кылган.

Ушул шылтоо менен ал 17 миң АКШ долларын алып, кийин убадасын аткарган эмес.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган, Москва районунун тургуну К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости