www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз жыл мурун элдик толкундоонун жыйынтыгы менен экинчи жолу расмий бийлик алмашкан. Бийлик Убактылуу Өкмөткө тийди. Президент Курманбек Бакиев оппозиция менен сүйлөшкөндөн кийин мамлекеттен качууга, кетүүгө  аргасыз болгон.

 2010-жылы 8- апрелдеги козголгон кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Ала тоо аянтына митингге чыккандардан 77 адам каза болуп, 306 адам жарадар болгон.

Ал эми оппозиция тараптын тынчтыкты көздөгөндүгү ушул күнгө чейин талкууланып келет.

24.kg :Жыл сайын ошол Бишкектеги каргашалуу окуянын күбөлөрүнөн ЖМК комментарий алышат. Мурдагы президенттин кичүү уулунун жакын досу деп эсептеген үй бүлөлүк пландын стратеги жана Максим Бакиевдин мээси болгон деп эсептешкен Елисеевди кепке тартты.

Алексей, айтыңызчы, сиз кайсыл мамлекеттен орун алдыңыз? Кайсы мамлекет сизге башпаанек берди жана макамыңыз кандай?

— Акыркы тогуз жылдан  бери Латьвияда жашап жатам. 2011-жылы саясый башпаанек алгам. Азыр менин жеке жактоочулук тажрыйбам бар.

—2010-жылы 7-апрелде Кыргызстандан АКШга келген  делегациянын курамында элеңиз. Бишкекте каргашалуу окуянын орун алганын, бийлик алмашканын, жаңылыктардан билдиңизби?

— Мага ошол замат эле Кыргызстандагы орун алган каргашалуу окуя пландалып жасалганы,  куралдуу мамлекеттик бийлик алмаштырууну чет элдик атайын кызматтардын  уюштурганы айдан ачык эле көрүнүп турган.

 Менин жеке коопсуздугум үчүн Алмазбек Атамбаевдин штабынын күч блогуна өзүмдүн баканоозумду койгом.

Ал Убактылуу Өкмөт күч менен бийликти басууга камынып  жатканын маалымдады. Шаардын борборунда ок дары жана курал жарак катылган жашыруун жай уюштурулганын, кандайдыр бир согушчан адамдар куралчан ары бери мыйзамдуу жүрүү үчүн казинолорго кароол болуп ишке орношушкан. Ал эми бардык иш чара алдыртан көзөмөлдөнүп турган.

Бирок төңкөрүш учурунда бийликтин ачык эле алсыздыгы жана атайын кызматтын саткындыгы сыяктуу нерселер рол ойноду. Жөн гана орусиялык кадрдык чекисттер кыргыз коопсуздук органынын атына жамынып алып, өздөрүнүн чыныгы буйругун аткарышты. Ал эми биздин өлкөнүн саясий жетекчилиги болсо таптакыр жараксыз экендигин көрсөттү. Бул мен үчүн окуянын андан ары өнүгүшүндөгү жагымсыз күтүлбөгөн окуя болду.

— Сиздин информатор бийлик алмашуу болоорун кабарлаган жок беле?

— Ал маалымдаган.  Мен ал маалыматты күч органдарына айттыргам. Мени баары көзөмөлдө деп тынчтандырышкан.

Болуп өткөн окуяны Максим Бакиев кандай кабыл алды?

— Мен Вашингтондон  өкмөттүк делегациядан эрте учуп келдим. Менде өзүнчө пландалган МВФ менен Дүйнөлүк банктын жетекчилери менен жолугушуум бар эле. Максим делегациянын башка мүчөлөрү менен АКШ дан учуп келди. Башкача айтканда, мен аны  Бишкекте бийликти Убактылуу Өкмөтчүлөр басып алганда көрдүм.  Менин түшүнгөнүмдө Акүйдүн алдындагы каргашалуу окуя болуп жатканда ал көп убактысын учууга коротуп койгондой.

Ачыгын айтсам, ал учурда Максим Бакиевге караганда чамам жок болчу. 7-апрелде эртең менен Бишкекте каргашалуу окуя орун алып кеч болуп калганда, мени Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкова Госпедге кеңешүү боюнча чакырды. Ал учурда кыргыз чиновниктеринин ичинен АКШнын территориясында  мен эң жогорку кызматта болчумун. Американын өкмөтү бардык картинаны көргүсү,  ким эмне кылаарын билгиси келди. Мен америкалык бийик даражалуу атка минерди көңүл кош уктум да, аларга болгон окуя бештен белгилүү болсо керектигин айттым.

Мага 7-апрелдин түнү бишкектен убактылуу өкмөт менен иштешүү сунушу түштү. Алар Америкалыктар Бакиевдерди колдоп кетет деп кооптонушту.

Мен кан аралашкан саясий оюнга аралашпайм, мага андай наадандыктын  кереги жок деп чечтим. Максим Бакиев  Вашингтонго учуп жеткен кезде бардык америкалык расмий бийлик аны менен байланышын үзгөн. Ал АКШга учуп кетти. А мен болсо жеке маселелер менен алектендим, анын Кыргызстандан үй бүлөсүн ата энесин чыгып кетүүсүн уюштуруп бердим.

24.кж маалымат агенттигинен которулду

(Уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости