www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бактыгүл айым, айтсаңыз, 2010-жылдагы окуя мамлекеттик төңкөрүлүшпү же куралдуу төңкөрүлүшпү?

--Аны ар ким ар кандай айтып калбадыбы? Аны бийликтегилер чечет. Мен эч нерсе айта албайм. Ошол кезде биздин губернатор деле эксперт болуп калбадыбы?

--Сиз ошол жылдагы кандуу кагылыштын алдыңкы сабында турган аялдардын бирисиз. Тилекке каршы Апрель Баатыры деген күбөлүктү арадан көп өтпөй өрттөп салгансыз? Эмнеге?

--Апрель Баатыры деген күбөлүктү  өрттөп салганымдын себеби биз 1 сом 50 тыйын үчүн Курманбек Бакиевге каршы митингге чыкканбыз. Тилекке каршы митинг өлүм менен коштолду. Анан ошол кездеги УӨ мүчөлөрү “Гуреевич алдап кетти, Максим жутуп кетти” деп бизди алдап 2 сом 50 тыйындан электр энергиясын баасын ашырып жибергендиги үчүн өрттөп салганмын. Эч нерсеге жарабаган күбөлүктүн, тагдыр чечилбеген баатырлыктын бизге эмне кереги бар?

--Ошондон кийин сизди УӨ тарабынан чакырып колдоо болгон жокпу?

--Алар мени эмнеге мени чакырмак эле?. Алардын жүзүн көрдүк. Өздөрү револиция кылгансып, бийлик талашып жатышты. Анан алар бизди ойлошмок беле?

--Алмазбек Атамбаев менен Курманбек Бакиевдин же УӨ келгенден кийинки экономикалык өсүш кандай болду?

--Экономикалык жылыш такыр болгон жок. Атамбаев бийликти жансакчысы менен шоопуруна өткөрүп берди. Шоопур экономиканы өстүрө алмак беле? Шоопур өзүнүн экономикасын өстүрдү.  Атамбаев болуп көрбөгөндөй байыды.

--УӨ мүчөлөрү менен жолугуп турасыздарбы?

--Ээ, азыр алар бизди көргөндө качат, жолошпойт. Ошондо алар нан тиштеп ант ичкен. Бекназаров менен Шыкмаматов, Роза Отунбаевалар азыр качат. Бизге берген акчасы жок, бир жолу 30 миң берген. Менин үйүмдү штаб кылып, 4 күн элди конок кылганмын. Алар мага бир тыйын берген эмес. Аянтка миң нан менен миң дюшес таратканбыз, ошол дюшестин акчасын бербей коюшту. Кийин булар ошол бизге бөлүнгөн акчаны өздөрү банктагы уурдалган акчадай эле бөлүп алышса керек...

--2010-жылдагы революцияга катышканыңыздарга арман кылбайсыздарбы?

--Албетте арман кылабыз...

Бактыгүл Жумабаеванын кеңири маегин төмөнкү тасмадан көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости