www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук ишмер Алга Кылычов менен баарлашып, Атамбаевчил болгону үчүн кодуланып, ал жетектеген ишкана текшерүүдөн өйдө болбой жатканы жана аны каралоо күндөн-күнгө күч алып баратканы тууралуу сүйлөштүк.

- Алга мырза, 2010- жылдан бери сизди мамлекетибизде талап тоноону, улут аралык жаңжалдарды басууда элдик кошундардын башында турган,  тынчтыкты туруктуулукту туу туткан инсан катары билебиз. Президенттик шайлоодо да элди тынччылыкка  чакырып, күнү-түнү күч түзүмдөрү менен бирге шайлоонун тынч өтүшүнө салым кошконуңуздан кабардарбыз. Ал тургай Сооронбай Шарипович кызматка киришкенден бери апрель окуясына тийиштүү делген коомдук уюмдар менен жолугушканда да алардын катарында да сизди көрүп жүрдүк. Акыркы иш чараларга  неге чакырбай калдыңыз?

-Мен көптөн бери гезит сайттарга интервью бербей калгам. Бирок, мен тууралуу чындыкка дал келбеген ушактар коомчулукка тарап жатканына байланыштуу жообумду берейин деп баарлашууга макул болдум. президент Сооронбай Шарипович менен бир жылда үч жолу жолукканыбыз чын. Былтыр апрель айында резиденцияда, андан соң патриот дндсынын жетекчиси Тариел Искаков экөөбүздү жеке кабыл алган. Андан кийин  7-ноябрда “Ата Бейитте” жолукканбыз. Былтыркы декабрь айында жаңы жылдык иш чарага президенттик аппараттын түшүнүксүз аракеттеринен улам чакырылбай калгам. Бирок, президент ал иш чарага катышпай калганымды билгенде  мени жеке өзү кабыл алаарын айтыптыр. Тилекке каршы, чакыра элек.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дагы бир маселени баса белгилеп кетейин. Ырыс алды ынтымак деген элибизде жакшы сөз бар. Коомдук бирикмелер мурунку жана азыркы президентти  элдештирүүгө ынтызарлыгын билгизгенде президент   элдешүү ниети бар  экенин билдирип, ынангандай болуптур. Сооронбай Шарипович ынангандай болгондон кийин  экс-президентти да көндүрдүк. Бирок, ортодо кандайдыр бир түшүнүксүз жагдай жаралып, биздин аракетибизге каршы чыгып, элдешүүгө жол бербей койду.   

-Коомчулукта шайлоодон бери сиз жетектеген ишкананы улам текшерүү болуп жатат деген имиштер арбын айтыла баштады. Ал жагымсыз жагдайдын  баары учурунда Атамбаевдин саясатын колдогонуңуз үчүн болуп жатабы?

-Шайлоодон бери  мен жетектеген ишкана 7 жолу текшерилди. Мурда мен Кылычовдун күнөөсү бар окшойт. Ошон үчүн текшерүүнү жарыялап жатат дебесин деп унчукпай, коллективим менен чыдап келдим.  Бирок, акыркы убактарда  текшерүү мен  саясий пикиримди билдиргенден кийин боло баштады. Тактап айтканда, Райым миллионго, Конгантиевдин акталышына каршы пикиримди билдирип,  Сыргак Абдылдаевге кол салган Пармаш аттуу кылмышка шектүү сотто акталуу аракетин көрө баштаганын жарыялаган маалымат жыйынымдан баштап текшерүү күч алды. Сыягы, партия лидерибиз Атамбаевди туулган күнүн куттуктап барганым да кимдир бирөөлөргө жакпаган көрүнөт! Эгер менин өмүрүмө коркунуч келген жагдай жаралса,  ушул  жана президенттик аппараттагы кээ бир адамдар деп билсеңер  болот.

-Текшерүүгө келгендер текшерүүнүн максатын түшүндүрүшөбү?

-Түшүндүрүүгө аракет кылышат. Алар мени эле эмес, коллективди кошо кыйнап бүтүштү. Чынында коллективде эмне күнөө? Азыр башкы прокуратурадан келген текшерүү да 10- декабрдан 30- декабрга чейин келген болчу. Аны15-январдан 30на чейин узартышты. Кызыгы, бул текшерүү  Сагынбек Абрахманов уюштурган маалымат жыйынга өз суроолорубузду берели деп барганбызда  күч алгандай болду. Айтайын дегеним,  Сагынбек Абдрахмановдун тарапташтары “сен камаласын, сага эртең текшерүү барат” деген күндөн тартып  келе башташты.  Камай тургандай мен жетектеп жаткан «ДАН» мамлекеттик ишканасын таш-талканын чыгарган жокмун. Үч жыл мурун ишкананы чыгашасы, олчойгон карыздары менен кассадагы 40 сому менен өткөрүп алсам, бүгүнкү күнү баардык карыздарды жойдум.  Ага карабай биздин ишкана бир тыйынга тиешеси жок болсо да, Каржы министрлигинин алдында мыйзамсыз 162 миллион сомго күрөөгө койгон деген түшүнүксүз доомат коюп жатышат.   Президенттин мурда жеке кабыл алуусунда болгонумда иштин чоо жайын түшүндүргөм. Президенттин Башкы прокуратурага берген тапшырмасынан кийин ал карызга “Дан” ишканасынын тийешеси жок экенин  бышыктаган Башкы прокуратура тарабынан жооп келген. Бирок,  Каржы министринин жетекчилиги мени кызматтан алууну  өкмөттөн бир канча жолу өтүндү. Мына ушул жагдайлардын баарын эске алганда, биздин ишкананы байма-бай текшертип, мени күнөөлүү кылууга далалат жасагандардын артында мени каралоого кызыкдар күчтөр жана менин кызмат ордума көз арткандар тургандай сезилет.

- Эмне үчүн бүгүн мыйзамсыз кытай мигранттарына каршы митингди Атамбаевчилерден көрүп жатышат го?

- Мүмкүн алардын аракетин президент билбейттир. Президенттин тарапташтары  бир күндүк ушак, интрига менен жашап, эптеп эле Атамбаевди жана анын тарапташтарын сындыруу, жамандоо аракетин көрүп жатышкандай.  Мени минтип Атамбаевчил деп кодулап аткандарына караганда, митингди  президент билбесе дагы ошол эле президенттик аппарат тымызын уюштуруп, Атамбаевге жана анын тарапташтарына күнөөнү оодаруу аракеттерин көрүп жатабы деген ойго кептелип жатам. Болбосо элдин тынчтыгын көздөп чын дилимден кол сунуп аткан мени четтетип менин ордума Президенттик аппараттын адамдары Данияр Тербишалиевди алып келүүгө далалат жасашпайт эле да. Президентти курчап алган арзыматтар бир күндүк ушак менен жашабай өлкөнү өнүктүрүүнү ойлошсо болот эле.

-Фейзбукта Мискенбаев менен биргеликте сизди да мыйзамсыз кытай миграциясына каршы митинг  уюштуруп жатат деген доомат коюшуптур. Чыныңызды айтыңызчы, ал митингге тиешеңиз барбы?

-Мунун баары карандай калп. Мени текшерүүдөн тышкары да микраскоп менен карап атат тийиштүү органдар. Менин 8 жыл мурунку сүрөтүмдү коюп алып, ушак таратып, тиешең жок нерсе үчүн каралап  жаткандар уялышса болмок. Учурдан пайдаланып айтып кетейин 14-январда бизди 17-январда өтө турган митингге тартипти сактоого жардам кылгыла дегендей таризде элдик кошундардын жигиттерин Ички иштер министрлигине чакырышыптыр . 15-январда сүйлөшөлү деп барсам,  мага кошуп бирөөнү киргизишкен жок. Балдардын айтуусуна караганда, президенттик аппараттан ошондой тапшырма берилиптир. Анткени, мен ошол митингге элдерди үндөп 500 сомдон таратып атыпмын. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президентибизден эгер ошондой далил болсо мени мыйзам чегинде жазага тартууну суранам. Эгер мени жөн эле каралап жатышса ушундай калпычы адамдар жооп беришин талап кылам. Негизи эле коомдук уюмдарга президенттик аппараттын кийлигишүүсү мыйзамсыз деп эсептейм. Мискенбаевди да ошол митингди уюштурду деп аялынын ооруканада өзү карап жатканына карабай суракка чакыра башташыптыр. Чынында колуктусу төрөттөн кийин өтө оор оору менен бир жылдан бери алышып келе жатат. Митингге элди чыгарып, акча төлөмөк турсун бир ай мурун дарыга акча жетпей жатат деп  менден 3000 сом сурап кеткен.

-Эмки укурук Атамбаевдин таламын талашкан Ирина Карамушкинага салынабы? Ага да мыйзамсыз кытай миграциясына каршы митингди уюштуруп, акча таратты  деген доомат коё башташыптыр го?

-Карамушкинаны деле мага кандай ушак токуса ошондой шыбап атышат. Карамушкинаны күнөөлөрдөн мурда бийлик өзүнүн кемчилигин сезе билиши керек. Айтайын дегеним, коомчулуктун кыжырдануусун жаратып депутаттар, өкмөт мүчөлөрү Кытай мамлекетинен карыз албашы керек. Кытай каптап кетти деп элге туура эмес маалымат бербеши керек. Ошондой эле туура эмес маалымат таратып жаткандарды жазалашы керек. Анан кытай менен мамилени бекемдеши керек.

- Кечээ эле Атамбаевди журт атасына теңеп, этегин баса отургандар бүгүн андан жүзүн ала качып, далысын салып калды. Келген бийликке кошомат айтып, кеткенин каралаган саясатчылар тууралуу кандай комментарий бересиз?

-Сооронбай Шарипович 5 жыл бат эле өтөөрүн жакшылап ойлонушу керек.  Эртең ушул эле кошоматчылар Атамбаевди кандай аркасынан бычак урса, андан эки  эки эсе көп жамандыкты азыркы президентке жасап коюшу мүмкүн. Анткени, бийлиги барда кошомат кылып, бийлиги жокту шыбап, колуна бийлик тийгенине  өтө качканды өздөштүрүп алган саясатчылар  аны сатпайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

 -Атамбаевден КСДПны тартып алуу башкача айтканда, аны партиядан чыгаруу аракети күч алды. Ал оюндун артында кимдер турат деп ойлойсуз?

-Эгер партияны тартып алган күн келсе, демек бийликтин чындап көзү май басканы деп эсептей берсек болот. Айтайын дегеним, канчалык жаап, жашырышса дагы  КСДП Атамбаевсиз кыймылынын артында ким турганын Сагынбек Абдрахманов билип, билбей айтып, Асылбек Жээнбеков менен Иса Өмүркуловдун атын атап алган.  Бул экөөнүн ал ишке тиешеси жок деп актанышканы менен  президенттик аппарат баш болуп Данияр Тербишалиевди кабыл алып, алардын жыйынын өткөрүүгө бардык жерде шарт түзүп берип, квартальный, МТУлар баш болуп киши топтоп жатканын укканда Атамбаевден партияны тартып алууга чындап жогору жактагылар кызыкдар экен деген ойго кептелесиң.

 -Мурунку менен азыркы президент байлык гана бөлүштүрө албай жатат. Ошон үчүн ушундай жагдай орун алды дегендер да бар. Ушундай болушу мүмкүнбү?

-Мунун баары ушак. Экөөнү эптеп чабыштырып, Атамбаев менен Жээнбековду кайрап, ээрден оодаруу планы иштеп жатат. Тилекке каршы, бул нерсе кандайдыр бир деңгээлде ишке ашып баратат.

-Атамбаевдин кол тийбестигин алууга неге кызыкдар болуп жатышат?

-Бул нерсени Атамбаев менен Жээнбековго ор казган үчүнчү күчтүн планды жана аракети деп ойлойм.

  –Атамбаевге жан тарткандын баары камакка алына баштады. Мени да камап коюшат деп кооптонгон жоксузбу?

- Кудайдын жазганынан эч ким кача албайт. Менин корко турган эч нерсем жок. Эгер чындап бийликтин пейли бузулуп эптеп эле мага бир нерсе токуу планы болсо аны да көрө жатабыз. Чынын айтайын мени үй бүлөм менен авария кылуу да аракеттери болгон. Интернет булактарындагы өлтүрөм деген сөзгө да көнүп калдым. Керек болсо акка да моюн сунууга даярмын.  Менин позициям сатылгандардын эмес, атылгандардын арасында болушу мен үчүн ыйык. Балдарым мен үчүн уялбай, эл аралап басып жүрүшүн каалайм. Ошон үчүн бийликтен кеткенин каралап, бийликке жеткенине өтө качпайм.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости