www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында ажо 166 адамга мамлекеттик сыйлык-наамдарды берди. Бул ирет куудул Абдылда Иманкуловго КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын бергени элге жакты. Бирок ошол эле учурда Иманкулов менен үзөнгүлөш эле сахнага чыккан белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов эмнеге наам берилбейт деген  маселе коомчулукта козголуп жатат. Биз мына ушул маселе боюнча Борончу мырзанын өзүнө кайрылып, бир катар суроолорду узаттык.

—Борончу мырза, мамлкеттик наамга бул жолу да илинбей калдыӊыз окшойт…

—Эми мамлекеттик наамга  көрсөтүлүш үчүн тиешелүү документтерди даярдаш керек да. А мен чынын айтсам буга чейин бир да жолу бере элекмин. Анткени, саясатка байланыштуу бизге баары бир бербейт деген ой менен жүрчүбүз.

—Сиздин чыгармачылыкта жүргөнүӊүзгө канча жыл болду?

—30 жылга жакындап калды.

—Абдылда байке  менен сахнага үзөнгүлөш эле чыктыңыз го…

—Ал киши мурда Токтогул театрында иштеди да. Жалпысынан 35 жылдан ашып калды го.

—Мага наам бербейт деп түңүлүп калгансыз го…

—Чынында кайрылган эмесмин. Мамлекеттик наам эмес сахнаны бербей коюп жатышса каяктан алмак элем?! Акаевден баштап баарын сындап келатсам…

—Демек үмүтүӊөр үзүлгөн турбайбы…

—Ошондой десек да болот (күлүп). Эми наам алыш үчүн документ топтош керек. Бирок мамлекет наам бербесе да коомдук уюмдар, мекмелер  берген көптөгөн сыйлыктарым бар. Санын айтсам, 60тан ашты го. Алардын баарын топтоп, барып тапшырып койсок деле болот. Анан тамашанын баары элден чыгат да. Фейсбукта  “Аябай сүйүндүӊөр го, кара далы күйөөгө тийгендей болуп” –деп бирөөсү айтса, “кара далы болсо деле кылыгы бар” деп экинчиси айтып, Абдылда байкени тамашалагандар да болду. Чындыгында наамга жетпей жүргөн Жамбыл аксакалыбыз баштаган дагы бир топ обончу-композитор агаларыбыз жүрүшпөйбү. Алар ала элек болсо, анан биз документибизди тапшырып алып, жүгүрүп мага берип кой дегендин өзү адамгерчиликке туура келбейт го деп ойлоп койчумун.

—Сиз бир чети туура айтасыз. Бирок  30 жылдан бери сахнада жүргөнүӊүз менен, айрымдар 4-5 жыл сахнага чыгып алып мурунку муундагыларды көзгө илбей эле наам алып жатышпайбы. Буга эмне дейсиз?

—Эми андайлар алып эле жатышат. Алардын абийири болсо туура эмес кылып жаткандарын ойлонот  эле да. Бир окуяны айтайын.  Жаштардан бирөө наам алган экен. Атын айтпай эле коёюн. Анан ал бир тойго келип калган экен. Мен тамада болчумун. Элдин алдында наамыӊды айтып чыгарайын десем жанталашып  “жөн эле коюӊузчу, айтпаңыз” деп аябай суранды.

-Ким ал? Самара Каримовабы?

-Жок. Эркек артистерден. Демек, ал наамга татыксыз экенин билип жатса керек. Биздин чөйрөдөн Жамбыл, Рахман байкелер наам алышса жакшы болмок.  А биз шайлоодо кайсы бир талапкерге каршы сүйлөй турган болсок анын наам алышыбызга сөзсүз залакасы тийет.

—Сиз тууралуу айтып жатышпайбы. Эгерде Бабанов президент болгондо Борончу байке биринчи болуп наам алат эле деп. Бул сөздүн кандайдыр бир чындыгы бар да?

—Чындыгы бар. Кимге ким кызмат кылса ошого берип койгулачы дешет окшойт.

—Чыгармачылыгыӊызда кандай жаӊылыктарыӊыз бар?

—биз жакшы долбоор баштап жатабыз. Жети облустун ортосунда тарых-маданий кербени деген долбоор уюштуруп жатам. Бул долбоорду алгач Талас облусунан баштаганы жатабыз. Долбоордун негизинде тарыхый инсандардан баштап азыркы кездеги элге кызмат кылгандарды барктап  дегендей. Жалпысынан аталган аймактан чыккан өнөрпоздордун баарын топтоп туруп, ошолор менен видео ролик жасалат дагы спорт сарайда жалаӊ Таластан чыккан таланттардын концерти болот.  Ошентип, ар бир облус кезеги менен бир жылдын ичинде долбоорго катышат. Кайсы өнөрпоз кайсы аймактан чыкканы жөн эле эмгек катары эле айтылып калып жатпайбы. Ошон үчүн аларды кийинку муундар жакындан билиш үчүн ушул долбоор уюштурулуп жатат. Буюрса алгачкы концерт 5-мартта болот. Кайрат деген жигит экөөбүз жакында маалымат жыйынын өткөрөбүз. Концерттен кийин Таластын губернатору эстафетаны Чүйгө тапшырат.  Андан кийин башка облустарда уланат. Быйылкы жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы болгондуктан бул долбоордун максаты-элди ынтымакка чакыруу. Концерттен кийин өнөрпоздорго атайын белектер тапшырылат. Долбоор толук аягына чыккандан  кийин ар бир аймактан чыккан таланттар тууралуу китеп жарыкка чыгат.  Андан тышкары сайттарга өнөрпоздор тууралуу маалыматтар жарыяланат. Эмесе ар бир облустан чыккан аттуу-баштуу эр азаматтар бул долбоорду колдошсо керек деп ойлойм.

Маектешкен: Нурлан Исаматов

Булак: "Багыт"

Последние новости