www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жашоодо бардык нерсе убактылуу экенин ушундан улам билсек болот, жашоонун өзү алдамчы жана убактылуу. Эмесе сөз башынан болсун.

Асанкан молдо жашы өйдөлөп калган кезде сулуусуна карап, калыңды жакшы берип жаш аял алды. Ооба, ар бир эркек жан сулуу аял алып, күлүк ат мингиси келет.

Ошол себептен “аял азгырык” деп бекер айтылып калган эмес. Сулуу аял көздүн көркү, жашоонун шаңы экенин эч ким тана албайт.

Асанкан молдо жаш аялдан кызыгы канбай, жанынан бир карыш чыккысы келбей жүргөн кезде коңшу айылга конокко чакырылып, ал жакка бармай болуп, бешим намазы окулуп болгон соң карагер атын токуп минип, жолго чыкты.

Ооба, кандай адам конокко чакырылат, сыйга татыктуу адамды адам конокко чакырат. Ансыңары чакырган жерге да барыш керек. Асанкан молдоке кенен эки саат ат бастырып,  келчү жерге келип, дароо эле билди үйдө киши көп экенин. Анткени кырка тизилип байланып турган аттардын саны арбын. Асанкан молдоке салам айтып кирип келди. Уй мүйүз тартып олтурган элдер сырттан кирип салам айтып келген Асанканды абдан жакшы маанайда кабыл алышып, тасмал четинен орун беришти. Бул жерге Андижандан бери келген дин аалымдары да бар экен. Асанкан молдо укпаган сөздөрдү укту. Албетте жакшы сөз укканда адамдын жан дүйнөсү кубанып, кулактын кычуусу канары да турган иш.

Дин аалымдары адамдык сапатка, сабырдуулукка үндөгөн сөздөргө басым жасап айткандыктан Асанкан абдан туура айтылган сөздөрдү чын дилинен кабыл алды. Сөзгө алаксып олтуруп, үйүнө түн ортосунда келип, боз үйгө кирип барса, жаш аялы бирөө менен жатканын өз көзү менен көрүп, бир саамга өзүнө келе албай турду да анан аалымдардын “сабырдуу болуш керек” деген сөзүн эстеп, аялы менен жаткан жаш жигитти ойготуп:

-Эмне бирөөнүн ак никесине булгап жүрөсүң, тургун да кийин. Мындан кийин карааныңды бул жерден көрбөйүн-деп тиги баланы кетирип жиберип, аялына карап:

-Ушул кылганың туурабы?- деп, жай сөз айтты да, чечинип жатып аялын кучактаган бойдон уйкуга баш койду. Аялы Алимандын өлбөгөн төрт шыйрагы калды. Башка бирөө болгондо эмне болмок? Ушул жерден Асанкандын сабырдуулугуна ушунчалык ыраазы болуп, өзүнөн-өзү ирээнжип, таң атканга чейин өзүн-өзү жек көрүп, бул жашоого жаралып калганына өкүндү. Андайда адам баласына эмне деген гана ойлор келбейт. Күйөөсү ушинтип кучактап жатып албай, камчы менен сабаса ал да жетишсиз болмок. Көрсө бул жалганда кечирип уялткандан өткөн мүшкүл жок белем. Таң аппак атты, Алиман төшөктөн турганы менен эми кантип эринин бетин карайт. Кайдагы азгырыкка барды эле. Барганы го барды, анан эмнеге уктап калды экен. Ушул күндү көргөндөн көрө жан таслим болуп жашоодон өтүп кетсе гана. Аял заты үчүн мындан өткөн кордук барбы. Эптеп туруп таңкы наардын камын көрүп, Асанкандын жүзүн карай албай араң жүрдү. Убакыт жалган түш болуп калган кезде атасы менен апасы келип калды. Алиманга ушул эле жетишпей турган. Алардын дагы жүзүн карай албай, ушунчалык чүнчүп кетти. Апасы турмушка чыгарда кан-какшап айтты эле го “ак никени булгаба, күйөөңдүн алдында ак бол, мени шерменде кыла көрбө. Аялдын жаманы эринин төшөгүн булгаганы” деп. Ооба, ургаачы жан үчүн никени булгагандан өткөн шермендечилик жок го.

Асанкан кайын атасы менен кайын энесин тай союп коноктоп, эч сыр берген жок. Ан сайын Алимандан күйбөгөн жери күл болуп, бул жашоого батпай бара жатты.

Кеч кирди. Качан экөө кайра төшөккө жатканда Алиман, күйөөсүн кучактап өөп, берилүү менен кечирим сурады.

Ушул кезде Асанкан сабырдуулук кылып эрдик кылганына өзү да ыраазы болуп, аялына башын ийкеп гана тим болду. Эгер кечинде ачууга алдырып экөөнү жайлап салганда эмне болмок? Көрсө адамдагы эң жакшы сапат, бул сабырдуулук белем. Ошол окуядан кийин Алиман өмүрү өткөнгө чейин күйөөсүн тик карай албай, бир жолу кетирген күнөөсүнүн азабын өмүр бою тартып, азапты туткунунда калды. Ал эми Асанкан бир жолу кечирип коюп, сулуу аялына сөзү чоң болуп, жашоосун жакшы жашап өттү. Көрсө кечире билүү дагы адамдагы эң жакшы сапат экенин эске салганыбыз туура. Айтылат го “ачууга алдырба, кеч кирсе бул күн да өтүп кетет” деп. Бирок азыр илгеркидей сабырдуулук, кечире билген сапат тайыздап бара жатканы да чын. Албетте кызганган сүннөт, бирок ашыкча кызгануу бул “уу”. Ашыкча кызганганда адамдын оюу бузулуп, акыры кызгануунун азабынан да ажырашуулар көбөйүп жатканына турмуш өзү күбө.

Андыктан улуу Жараткандын айткан бар “кечире билүү адамдагы кандай жакшы сапат” деген. Асанкан молдо өзүн карманып кечирип койду, баарын жеңди. Бул эми чыныгы адамдык жакшы сапат экенинен турмуш күбө.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости