www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эль-Кувейт шаарында Кыргыз делегациясы өлкөнү тааныштырды. Анда кыргызстандык чыгармачыл топ өзүнүн чыгармасын тартуулашты. Аны менен катар улуттук баалуулуктарды билдирген иш чара эң жогорку денгээлде өттү. Ага Маданият жана маалымат министри Азамат Жамангулов баш болуп катышты. Иш чаранын максаты - экономикалык иш чараларды жандандыруу болуп саналат.
Кувейттин жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан тууралуу сюжеттерди тартып, өз каналдарынан көрсөтүшөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, Эль-Кувейт шаарында Кыргызстан менен Кувейттин дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган иш-чара өтүп, ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Жаманкулов эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү программага кол койду.
"Жакын арада Кувейт ЖМКларынан Кыргызстан жөнүндө берүүлөр көрсөтүлөт. Мындан тышкары, министр Кувейт мамлекетиндеги алдыңкы туристтик операторлор менен жолугушуп, Кыргызстандын туристтик потенциалын көтөрүү максатында пикир алышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Жазгүл Урмамбетова,
NazarNews.kg