www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирлан Жээнчороев эмнеге арданды

Кечээ жакында Мирлан Жээнчороев жогорку кеңештин жыйынында “Саясий элита булганып бүттү, жалаң кошоматчылардын айынан” деп, ардануу менен үн катып,  оюн ортого салды. Албетте минтип айтканына дагы чегине жеткен кошоматчылардын кылган кылыгы түрткү болгонун танып болбойт.

Ар бир айтылган сөз  жөн жерден чыкпайт. “Бийликке ийилип жагынган адам, анын түбүнө жетет” деп айтылган кеп бар. Ансыңары байлык үчүн бийликке жагынып, ашыкча кошоматчылыкка баргандарды Мирлан мырза өз көзү менен көргөн үчүн айтып жатканы да туура түшүнүү керек.

Мансап жана байлык үчүн жаш келиндей жүгүнүп,  жасакерленгендер чачтап көп. Ошол себептен тууган-урук, өң тааныш, өкүл бала, таяке-жээндер  ишке келип, кадр саясаты аксап жатканы да чын. Айткандай жогору жак кошоматчылык мандемден арылмайынча чын эле саясий элита оңолбосу  турган иш экенин жашыра албайбыз. Мирлан мырзага окшоп жүрөгү тазалар арданып жүрө бериши турган иш.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости