www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас районунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып адамдар каза болгон үй-бүлөдө жабыр тарткан кыз Бишкектеги ооруканага которулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга туугандары билдиришти.

Маалыматка караганда, үй-бүлөнүн атасы Т.И.нин эжеси Г.И.нин айтымында, түтүнгө ууланган баланын абалы жакшы. Бирок 5 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда.

«Бизде чоң жоготуу болду. Өлүктү жашырдык, анан өзүбүздүн оюбузду айтууну чечтик. Бүгүнкү күндө балабыздын акыбалы жакшы. 5 жаштагы кызыбызды акыбалы оор болгондуктан Бишкек шаарына котордук. Бир тууган инимдин дагы акыбалы оор болуп, тез жардам чакырдык. «Коопсуздук абалын сактабады» деген менен кырсык.

Бизди күйдүргөнү Талас райондук электр тармактарынын жетекчиси телевидениеден «биз үйүнө кирбей эле өткөн айдын каразын төлөбөсө өчүрүп салабыз» деп интервью берип жатат. Ушундай кан жуттуруп, бир үй-бүлөнү ушундай кырсыктуу акыбалга алып келди», - деди ал.

«Түндүк электр» ААКтын Талас филиалынын жетекчиси Акылбек Рыспековдун айтымында, үйдүн электр тогун үзгөн адистер өз каалоолору менен жумуштан кетишти, - деп жазат Турмуш басылмасы.

«Биз дагы терең кайгырып турабыз. 2 кичинекей баланын ооруканада дары-дармектерине жардам берип жатабыз. Бул кырсык боюнча облуста жыйын өткөн. Жыйында облустун прокурору бул боюнча бул жерде биз тараптан күнөө жок экенин, өзүбүздүн функциялык ишибизди аткарып жатканыбызды айтты. Бирок моралдык жактан карап койсоңор болмок деген сөздөр айтылды. Ошол жердеги контролер менен кырккан электромонтер өз каалоолору менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазышты. Учурда жумуштан кетүү боюнча буйрук чыкты», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости