www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыз бурак" тобунун мурдагы ырчы кыздары Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы кайым айтышуу Инстаграмда уланууда. Бул тууралуу кечээ Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеевага жооп кылып окуянын жүрүшүн жазды. Буга жооп кылып Кенже Дүйшеева: "Өкүнүчтүү! Дагы эле өз оюң пикириң жоктугуңду көрсөттүң! Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам! Бетме бет! Кел!", -деген пост жазып чыгып ага кошумча "Сага жазып беришкени көрүнүп турат деп баса белгилеп: "Бул менин дарегиме каралоо деп кабыл алдым! 100% калп! Бул иштин башында ким турганын эми аңдадым", -деп сөзүн жыйынтыктады.

Буга көпчүлүк Дүйшееванын күйөрмандары "шеринеде жазып берди да", "Айжамал күйөөсүн жамандап жүрдү эле го", "өзү үчүн жооп бербейби, Гүлшайыр, Гүлнара деп башкаларды кошпой" дешип Кабылованын дарегине терс пикирлерин жазып калтырышууда. Эмнеси болсо дагы эки ырчы бир топтон чыгышкан. Дос да болуп келишкен. Мындай ажырымды экөө гана чечпесе болбойт же мурдагы топтун курамындагы эжекелер "кой, урушпагыла, элге уят болдуңар" деп айтып коюшпайбы? Ал эми "Кыз Бурак" тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова экөөнү тынчытаар бекен?

Жазгүл Урмамбетова,

NazarNews.kg

Последние новости