www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда аракты токтотуу, той аштарда колдонуу, магазиндерде саттырбоо боюнча бир топ айылдарда жергиликтүү бийлик жана элдердин өздөрүнүн демилгеси менен ишке ашкан учурлардын бар экенине карабай, сырттан спирт ичимдиктерин алып келүү күчөөдө. Экономикалык абалга караганда бул шарттарды мамлекет чектөө жана аларга чара көрүүдө жолдорду таппай жаткандай. Базар экономикасынын шартында кирешелүү бизнестин бир бөлүгүнө айланган спирт ичимдиктери бир тарабынан салыктан, алып сатуудан тапкан киреше булактарын бир топ алсыратып койчудай абалда. Сырттан ташылып келинген товарлардын дээрлик көлчүлүгүн да ичүүчү суусундуктар болуп, анын ичинде спирт ичимдиги басымдуу кылат.
Статистикага боюнча 2018-жылы эле экспорттун көлөмү 1 млрд.764 млн.613 миң доллар көлөмүндө . Анын ичинде 13 млн.617 миң доллар спирт ичимдиктери жана суусундуктар болгон. Эгер мындай көлөмдө өлкө пайда таап жаткан болсо, анда айыл ичиндеги арактан арылуу боюнча аракеттерди кандай жолдор менен арылтуу керек деген суроолор пайда болот. Анан калса өлкөнүн сырттан кирген товарларынын басымдуу бөлүгү, алкоголдук ичимдиктери эң жогорку көрсөткүчтү берип аддыңкы сапта турат. Жылына өлкөгө 126,1 млн. литр алкоголь ичимдиктери кирсе, анын болгону 41 млн. литри минералдык суусуңдуктар.
Булак: "Факты.kg"