www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камакта жаткан мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, уран казуу иши боюнча Жогорку Кеңеш менен кызматташууга даяр экендигин билдирген катын жарыялады.

Ал жарыялаган катында, абакта жатсам уран боюнча күнөөнүн баарын эле мага оодарып жатышат деген таризде жазган. “Мен Мамлекеттик энергетика жана өнөр-жай комитетинен (ГКПЭН) кеткениме 2 жыл болду. Кээ бир жетекчилер өз кылгандарын мага оодарып жатышат. Уран боюнча түзүлгөн азыркы абалдан кабарым бар жана анын кооптуулугун билем. Мындай маселе мыйзам жолунда ЖК чечилиши керек. Мен милдеттерим боюнча жоопкерчилик алууга даярмын”,- деп жазган Д.Зилалиев.

Эске салсак, бүгүн парламентте Кыргызстандын аймагында уранды 2070-жылга чейин казууга салган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өттү. Жыйынга, депутаттар, жарандык активисттер, уран казууга мүмкүн болгон аймактын жашоочулары катышууда.

Аталган мыйзам долбоорду ЖК депутаттары А.Сулайманов, А.Шыкмаматов, К.Керезбеков сунуштоодо.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости