www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго байланышып, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы кызматтан кеткен президенттерди өч алуу, куугунтуктоо максатында кызмат кылып калбайбы деген суроо узаттык.
-Жок андай блбойт. Иштеп жаткан Президентти импичмент жолу менен жоопко тартса болот. Ал эми экс-президентти жасаган кылмышы үчүн эмнеге жоопко тартууга мүмкүн болбосун? Саясий мотив болуп кетпеш үчүн экс-президентке дагы татаалдашылган процедура колдонулат, импичмент процедурасына окшош. Мыйзам иштеген, адилеттүүлүк өкүм сүргөн мамлекеттерде ушундай, эч ким абсолюттук кол тийбестике ээ эмес. Жоопкерчилик биринчи орунга коюлган.
Булак: NazarNews.kg