www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Асел Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан алынышы үчүн фракция башчысын айыптады. Анын айтымында, Кодуранованын маселеси боюнча буга чейин сөз болгон эмес жана муну экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын саясатчыларга каршы чабуул катары бааласа болот.

- Биз бул жөнүндө билген эмеспиз, - деди ал. - Бүгүн шашылыш түрдө саат 14:00гө жыйынга чогултушту. Асел Союзбековнанын өзүнө да кызматтан алуу боюнча билдиришкен эмес. Бардык жобону, этиканы бузуп жашыруун түрдө тез арада чечип коюшту. Мунун баарын партиянын мүчөсү эмес, фракциянын лидери жасады.

Карамушкина Кодуранованын вице-спикерлик кызматтан кетишин анын саясатчы Өмүрбек Бабановдун маселесин күн тартибине чыгарууну добушка койгону жана экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырды. Башка иш-чарада жүргөндүктөн Ирина Карамушкина өзү жыйынга катышкан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости