www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк прокуратурасы 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине тиешеси бар деп шек саналган 200дөн ашуун аскер адамдарын кармоону буюрду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары 14-декабрда кабарлашкандай, Стамбул шаарынын прокурору кызмат өтөп жаткан 219 аскерди, анын ичинде төрт полковникти, беш подполковникти кармоого ордер берди. Түрк өкмөтү 250 кишинин өмүрүн алган кутум үчүн АКШда бозгунда жүргөн динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптап келет.
Динаятчы ал окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги 50 миңден ашуун кызматкерди, журналисттерди, мугалимдерди, Гүлендин жактоочусу катары сөз болгон кишилерди камаган. Дагы он миңге жакыны иштен алынган.
Булак: NazarNews.kg