www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги  экс-депутат Бейшенбек Абдырасаковго байланышып, экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу мыйзамы кызматтан кеткен президенттерди өч алуу, куугунтуктоо максатында кызмат кылып калбайбы деген суроо узаттык.

-Бул мыйзам күчүнө кирсе, куугунтуктап, өч алуу үчүн эмес, таза иштөөгө мажбур кылат. Кол тийбестикке ишенип алып, каалаганды кылбай калат. Антпесек мамлекеттик система ушундай болуп калды, ким келсе дагы тегерегине олигархтарды чогултуп алып,ичип жеп, талап, тоноп, сатып, атып, качып кете берет. Мамлекет мамлекет болбой эле бизнес клубка  айланып калды. Бийликтегилер эч ким, эч качан, эч нерсеге жооп бербейт деген принсипке өтүп,  коллективдүү жоопкерчиликсиздикке өттү. Президент - парламенттик башкаруу деп парламентке шылтайт, парламент - өкмөткө шылтайт, өкмөт кол жолуктай алмашат. Ошентип эч ким эчтекеге жооп бербейт. Мурдагы бийликтегилер жооп берчү, жооп бере албаса каччу, эмикилер жооп да бербейт, качпайт дагы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости