www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Музаффар Исаковдун ордуна Өмүрбек Бакиров депутат болот. Жаңы депутат белгилүү кримтөбөлдөрдүн арасында орун алган, маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган бажасы болот. Бул маалыматты БШКдан бышыкташты.

Эске салсак, Музаффар Исаков кечээ, 24-декабрда өз каалоосу менен депутаттыгын тапшырууга арыз жазган.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “Коррупция” беренеси менен өткөн жылдын башында кылмыш ишин козгогон. Депутат "Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп турган кезинде, 2010-2015-жылдар аралыгында мыйзамсыз 315 токтом чыгарган, аны менен айыл чарба багытындагы 15 гектарга чукул жерди жеке турак жай тургузууга берип жиберген" деп айыпталууда. Текшерүү учурунда адамдар жер тилкелерин 1500-3000 долларга чейин сатып алганын билдиришкен.

Ишти быйыл жайында Сузак райондук соту карай баштаган.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости