www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жаңы салынган үйүн апрель окуясында жабыркагандардын балдарына бала бакча үчүн берет" деген маалымат жалган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал муну кезектеги ушактардын бири катары баалады.

Мунун алдында жергиликтүү сайттардын бири Алмазбек Атамбаев үйүн бала бакчага бермей болгонун Кундуз Жолдубаевага шилтеме кылып жазып чыккан. Жолдубаева андай маалымат эч кимге берилбегенин айтты.

Атамбаев президент болуп турган 2016-жылы Бишкектин түштүк тарабындагы Кой-Таш айылына жакын жерге үй салганы маалым болгон. Бирок бул 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирип, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин мамлекетке өткөрүлгөн жер экени айтылган.

Аны Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач аялына каттатып, ал болсо кийин Атамбаевге сатканын айткан. Алмазбек Атамбаев 2016-жылы 1-декабрдагы басма сөз жыйынында Кой-Таш айылындагы тогуз гектардан ашык жер тилкесин мыйзамдуу акчага Бишкектин мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын өзү да ырастаган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири экенин, үй ак эмгеги менен тапкан акчага курулганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости