www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз Шаршенович, дос сиздей болбойт

Бу Атамбаев деген Сооронбай Шариповичти сыйлап, камчыны колуна карматып, токулуу атты мингизип анан эле тизгинди карматкысы келбей жатканы өкүндүрөт. Достукка бекем туралбай душманчылыкты сиз кылып жатасыз. Алмаз Шаршенович, дос сиздей болбойт. Ага караганда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн токтоолугу менен Атамбаевдин деңгээлине түшпөй, өзүн салмактуу кармап, баарын ичине жутуп коюп, тышка чыгарбай эски досу туурасында жаман сөз айтпай келет. Сый-урмат ушунчалык болот. Аталык болуп, Жээнбековду мурдунан жетелеп алам деген Атамбаев арам оюн ишке ашыра албай, ичинде ит өлүп жатканын элибиз деле түшүнүп калды. Жакындан бери, Атамбаев саясый аренага кайтып келүүгө жанын үрөп, талпынып жатканын байкадык. Атамбаев менчик телекомпаниясы болгон “Апрелде” өзү гана укмуш, калган саясатчылардын баары ууру, президент чыккынчы, башын баталгыга сайып коюп аны бийликке алып келген “досторун” кузгундарга теңеп болушунча шыбап жатканын көрдүк. Атамбаевге кеткен кайран гана алты жыл дейсиң.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Последние новости