www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рождествонун алдында Санта-Клаустун кийимин кийип, белек асынган АКШнын экс-президенти Барак Обама Вашингтондогу Улуттук балдар ооруканасына барды.
Экс-лидерди көргөн кичине байтаптар жана алардын ата-энелери кубанычтарын жашырган жок. Обама аларга ырдап, бийлеп берди.
Саясатчы балдар менен сүйлөшүп, белектерди таратты. Каалоочулар менен сүрөткө түшүп, кеп-кеңешин айтты. Андан тышкары экс-лидер жолугушууга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогондордун палаталарын кыдырды.
“Эки кыздын атасы катары сиздердин абалыңыздарды түшүнөм. Ушул жолугушуубуз майрамдык маанай тартуулайт деп ойлойм”,-деди Барак Обама.
Эске сала кетсек, Барак Обама 2009-жылдын 20-январынан 2017-жылдын 20-январына чейин АКШнын президенти кызматын аркалаган. Анын 20 жаштагы Малия Энн жана 17 жаштагы Наташа аттуу кыздары бар.
Булак: NazarNews.kg