www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ажобуз баш болуп, коррупцияга аесуз күрөш ачып, “тойгончо жеп, өлгөнчө каргангандар” какала баштагандары байкала баштагандай. Ага болбой эле, страустун кейпин кийишип, Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан кылыктанып кыйкырган, өкмөттүн курамында коррупцияга каршы “өкүртө” иштеп жаткандардын кылык-жоруктарын көрүп туруп, айласыз жакаңды кармайсын. Ошол эле Д.Зилалиевди Кыргызстандын бар байлыгын тескеген кызматка коюп жаткандагы Жогорку Кеңештин өнөр жай, энергетика багытын тескеген комитетинде төрагасы К.Рыспаев баш болуп, аны апендинин кызындай мактап жатып калышпады беле?! Ошол жыйындагы Д.Зилалиевди мактап, жер-сууга тийгизбей, биринен бири сөз талашып сүйлөгөн комитет мүчөлөрү учурда кандай акыбалда болушту экен?! Айрыкча А.Акаев учурунда Мамлекеттик мүлк фондусунун банкроттук башкармалыгын тейлеп, жүздөгөн, миңдеген мекеме-ишканаларды, завод-фабрикаларды жең ичинен жеп көнүп калган, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын жепутаты, апеей, кечиресиздер, депутаты Экмат Байпакбаевдин айткандарын угуп отуруп, Зилалиевдей кадр ушул убакытка чейин кайда катылып жатты болду экен, деген ойго аргасыз жетеленет экенсиң.
Мисалы, убагында Тойчубек аты Жолчубекке айланган Майрам апчебиздин сүймөнчүлүгүнөбү же сүйүүсүнөбү арзыган Тойчубек Касымовго, 2005-жылдан кийин чет жакка сапар алган Сапарбек Балкыбековго, Америкада кыдырып жүргөн Кыдыкбек Исаевге, транспорт министрлигинде каалаганча тайраңдаган Нурлан Сулаймановго окшогондорго карата козголгон кылмыш иштеринин тагдырынан кабар алган киши барбы, деги?! Же баары Даниил Урицский болуп кетиштиби?! Кааласа укук коргоо органдары керек адамын Шопурга окшотуп, жети саатка жеткизбей желкесинен кармап, таап келишет экен го...
Азыр деле түйүнчөктөрүн түйүп алып, өйдө жакты алаңдап карап отургандар толтура, кашайгырдыкы десе...
Абай Аргынов
Булак: “Параграф”