www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 3-апрелде, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин V жыйыны өтүп жатат.

Жыйында Президент Алмазбек Атамбаев кеңири сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн толук текстин сунуштайбыз:

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Улуттук кеӊештин мүчөлөрү!

Эсиӊерде бардыр, убагында Туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеӊеш түзүлгөндө бир топ саясатчы каршы чыккан болчу. Бул туура эмес, Баш мыйзамга каршы келет, Президент чектен чыгып жатат деп. Бирок, ошондогу чечим канчалык туура, канчалык зарыл болгонун мезгил өзү далилдеп берди.

Анткени ошол оор кезде, өлкөбүз, элибиз алапайын таппай     турган кезде, депутаттар өз ара чырлары менен алек болуп, өкмөт дээрлик жыл сайын алмашып жаткан кезде мамлекетибиздин жок дегенде 5 жылдык “Жол картасы” түзүлбөсө, өлкөбүз сызга отуруп калмак. Сыз бул жакта калсын, сазга отуруп калмак!

Ошол Улуттук кеӊештин биринчи отурумуна катышкандар азыр да арабызда отурат. Ошол күндөр эсиӊиздерде бардыр!

7-декабрь 2012-жыл. Свет өчүп калабы же жокпу деп отурабыз залда. Андан эки ай мурда, октябрда Ак үйдү басып алуу аракети болуп, жолдор буулуп, айрым администрациялар басып алынып турган кез. ОБОНдор, эл бузарлар күчөгөн кез.

Жаңы жылда үйлөрдө свет, газ болор бекен деп отурган кез, кошуналарга жалдырап.

Чет өлкөлүк саясатчылар менен журналисттер Кыргызстан өлкө катары болбой калды, 2-3 жылда жок болот, “failed state” деп жазып жаткан кез...

Кудайга шүгүр, ал кез артта калды. Мына 4 жыл өтүп-өтпөй өлкөбүз түп-тамырынан өзгөрдү. Чыр-тополоӊ менен, жол жабуулар менен, мекемелерди басып алуулар менен өлкөбүздүн аты чыгып жатты эле, эми таза шайлоо менен, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен, Тарыхты эскерүү менен, реформалар менен бүт дүйнөгө таанылып жатабыз.

Кыз-жигиттерибиз Москвадан Монреалга чейинки ат салыштарда жеӊип жатат. Коӊшулар мурункудай кемсинтип, табалап күлбөй, тескерисинче тамшанып карап жатышат.

Коӊшулар тургай, Европа башчылары элибизге таӊ калып “вы провели за 4 года грандиозные реформы” деп, бийик баа берип жатышат.

Кудайга шүгүр!

Кыргыз көчү Жараткандын жардамы менен өз жолун тапты. Өз жолун тапты!

Ошондуктан биз эми элибиз, өлкөбүз мындан ары да бул жолун жоготпосун десек, 5 жылдык эмес, 20, 25 жылдык “Жол картасын” түзүп коюшубуз керек!

Эмнеге биз 2040-жылды тандадык? Анткени, 2040-жылы кыргыз эли убагында Шиберден Азияга чейин аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгын белгилейт. 1200 жылдыгын!

Албетте, кыргыз ажолугу андан бержагы эле миӊ жыл мурда  курулган. Ага жазма түрдөгү далилдер бар экенин тарыхчылардын баары билет!

Анын үстүнө 2041-жылы кыргыз эли жаңы замандагы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгын белгилейт.

“Элүү жылда эл жаңырат” деген сөз бар кыргызда. Ошо 50 жылдыгын эгемендүү Кыргызстан кантип тосушу керек? Кайсы жол менен барыш керек? Кандай максаттарга жетиш керек? Кандай жол менен элибиз жаңырыш керек?

Ошонун баарын биз алдын ала белгилеп алсак, өлкөбүздүн, элибиздин жолу оӊоюрак болот. Кандайдыр бир саясый оюндар, сасык саясатчылар мамлекетибизди өз жолунан адаштыра албай калат!

Булак: президент.кж

Последние новости